Инвесторлордун укугун коргоо: 4 жылда 61 даттануу каралды

Коом Загрузка... 25 Февраль 2026 16:44
WhatsApp Image 2026-02-25 at 11.51.14 (1).jpeg
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. 2022-жылдын 28-январында инвесторлордун даттанууларын кароо тартиби бекитилгенден тарта, 2026-жылдын январь айына чейин Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жалпысынан 63 даттануу келип түшкөн. Анын ичинен 61 маселе толук каралып, чечилген.

Агенттиктен билдиришкендей, 2022–2024-жылдары 35 даттануу каралса, 2025-жылдын ичинде бул көрсөткүч 24тү түзгөн.

Улуттук агенттик инвесторлорду төмөнкүдөй негизги маселелерди чечүүдө коштоп келет:

  • Салык органдарынын аракеттери жана кошумча эсептөөлөр боюнча талаш-тартыштар;
  • Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер тилкелерин берүүдөн баш тартуу же ижара мөөнөтүн узартуудагы мүчүлүштүктөр;
  • Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз текшерүүлөр жана башка тоскоолдуктар.

Агенттик инвесторлорго укуктук кеңештерди берип, мыйзамдарды түшүндүрүү менен бирге, инвестициялык келишимдерге экспертиза жүргүзөт. Бул ишкерлердин кызыкчылыгын коргоого жана тобокелдиктердин алдын алууга шарт түзөт.

Санариптештирүү жана ачык-айкындуулук

2025-жылдын 12-майынан тарта Улуттук агенттик Башкы прокуратуранын «Инвесторлордун даттанууларынын реестри» автоматташтырылган тутумуна интеграцияланды. Бул кадам инвесторлордун укуктарын коргоо процессинин ачыктыгын камсыз кылып, ведомстволор аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатты.

Стратегиялык демилгелер жана өнөктөштүк

«Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» доктринасынын алкагында, 2025-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында мамлекет менен бизнестин ачык диалогу болуп өткөн. Анын алкагында Улуттук агенттик, Башкы прокуратура жана бизнес-ассоциациялардын ортосунда үч тараптуу кызматташтык меморандумуна кол коюлган. Документтин негизги максаты — бизнес жүргүзүү үчүн туруктуу жана алдын ала божомолдоого боло турган шарттарды түзүү.

Статустун жогорулашы жана жаңы модель

Президенттин 2025-жылдын 12-декабрындагы жарлыгы менен Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусу жогорулатылды. Бул чечим өлкөдө инвестицияларды мамлекеттик башкаруунун сапаттык жаңы моделин аныктап, агенттикти инвестициялык процесстерди стратегиялык башкарууга жооптуу бирдиктүү компетенция борборуна айландырды.