Инвестициялык жагымдуулук. Баалуу кагаздар рыногунда кызматтар жөнөкөйлөшөт

Экономика Загрузка... 17 Март 2026 18:30
Снимок-large-webp.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда бүгүнкү күндө кардарлардын баалуу кагаздар рыногунда каржылык кызматтарга, өзгөчө аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген, ал эми чет элдик инвесторлор үчүн жеткиликсиз. Көрсөтүлө турган кызматтарды санариптештирүү маселеси учур талабы болчу. Эми кардарлардын баалуу кагаздар рыногунда финансылык кызматтарга жетүүсүн жөнөкөйлөтүү боюнча реформа жасалат. Кабар” агенттиги Процесстерди санариптик форматка өткөрүү аркылуу кандай жеңилдиктер түзүлөрүнө токтолот.

Бүгүнкү күндө кардарлардын баалуу кагаздар рыногунда каржылык кызматтарга, өзгөчө аралыктан жетүүсү чектелген, ал эми чет элдик инвесторлор үчүн иш жүзүндө жеткиликсиз. Реформа бул процесстерди санариптик форматка өткөрүп, рынокко жетүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Баалуу кагаздар жана виртуалдык активдер рынокторун жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Ахметова билдирди.

WhatsApp Image 2026-03-17 at 14.43.20

“Азыр система анча натыйжалуу иштебейт. Кардарларды идентификациялоо кагаз түрүндө жүргүзүлөт. Процесс орточо эсеп менен 2–3 күнгө созулат. Чет элдик инвесторлор рынокко аралыктан кире алышпайт. Мунун баары бүтүмдөрдүн саны жана көлөмү боюнча тез өсүшкө карабастан, рыноктун өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда”, - деди ал.

Реформа кандай жеңилдиктерди камтыйт?

  • кардарларды санариптик (аралыктан) идентификациялоо жана верификациялоону киргизүү;
  • тиешелүү укуктук базаны түзүү;
  • баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына паспорттордун мамлекеттик реестрине (ГРНП) жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
  • чет элдик инвесторлор үчүн рынокко аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгү;
  • негизги кызматтарды (мисалы, брокердик эсеп ачуу) электрондук форматка которуу.
stock-market-pictures-pd5zksxr07t7a4xu-1170x658

Жарандар (кардарлар) реформа ишке ашса, кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?

  • Брокерге барбастан, онлайн идентификациядан өтүүгө;
  • Эсеп ачып, аралыктан инвестиция салууга;
  • Өлкөнүн каалаган аймагынан баалуу кагаздар рыногуна жетүүгө.

Чынара Ахметова белгилегендей, реформа ишке ашканда кызматты алуу убактысы 2-3 күндөн болжол менен 15 мүнөткө чейин кыскарат, бул ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүктү кыйла жогорулатат.

“Реформа 100 күндүн ичинде тездетилген форматта ишке ашырылат. Ведомстволор аралык жумушчу топ иш-чаралардын конкреттүү планын иштеп чыккан”, - деди ал.