Инвестициялык климат жана кепилдик: Япон ишкерлерине кызматташуу сунушталды

Экономика Загрузка... 26 Февраль 2026 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Күн мурун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Япониянын бизнес-делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуу эки тараптуу экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана келечектүү инвестициялык долбоорлор талкууланды. Япон тарапка өлкөнүн инвестициялык климаты, инвесторлорду мамлекеттик колдоонун механизмдери, салыктык жана укуктук жеңилдиктер, ошондой эле капиталды коргоо кепилдиктери тууралуу маалыматтар берилди.

Өзгөчө көңүл экономиканын негизги тармактары болгон энергетикага, инфраструктурага, өнөр жайга, агроөнөр жай комплексине жана санариптик трансформацияга бурулду. Ошондой эле ишкердик чөйрөнү жакшыртууга жана инвесторлор үчүн ачык-айкын шарттарды түзүүгө багытталган реформалар тууралуу маалыматтар сунушталды.

Japan International Cooperation Agency (JICA) уюмунун эксперти Кыргызстандын инвестициялык потенциалын, анын ыңгайлуу географиялык жайгашуусун жана регионалдык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун механизмдери жана институттук колдоо инструменттери түшүндүрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин белгилеп, конкреттүү инвестициялык демилгелер боюнча диалогду улантуу жөнүндө макулдашты.