Инвестицияга жол ачылат: Кыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жойду

Экономика 02 Март 2026 17:48
756631605377976.jpg
641751664_18084607583343965_4170766171839237938_n.jpg
640387034_18084607604343965_3589629114737114409_n.jpg
640401688_18084607613343965_1755905543937701758_n.jpg
641257660_18084607586343965_1180557135394019064_n.jpg
639625968_18084607589343965_9038805291843511976_n.jpg
Алдыга
Артка
756631605377976.jpg
641751664_18084607583343965_4170766171839237938_n.jpg
640387034_18084607604343965_3589629114737114409_n.jpg
640401688_18084607613343965_1755905543937701758_n.jpg
641257660_18084607586343965_1180557135394019064_n.jpg
639625968_18084607589343965_9038805291843511976_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде онлайн форматта Кыргызстан менен Кытайдын Гонконг атайын административдик районунун ортосунда кирешеге жана капиталга салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, түзүлүп жаткан макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдөгү чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу болуп саналат. Бул Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы экономикалык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Белгилеп кетүүчү жагдай, кош салык салуудан качуу боюнча макулдашуулар Кыргызстандын экономикасына түз чет элдик инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралат.

Мындан тышкары, документ бир мамлекеттин резиденттерин экинчи макулдашкан мамлекеттин аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоого, салыктан качуунун жана макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдалануунун алдын алууга, ошондой эле эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.