Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоору жогорку кесиптик билим берүү тармагындагы алгачкы ири колдоо долбоорлорунун бири болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында долбоордун директору Расул Абазбек уулу билдирди.
Анын айтымында, буга чейин гранттык конкурстун биринчи айлампасы өткөрүлүп, учурда экинчи айлампасы башталды. Бул жолу конкурстун шарттарына бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, өтүнмө берүү этабында катышуучуларга көрсөтүлүүчү методикалык жардамдар көбөйтүлдү.
“Долбоордун алкагында курулуш иштерине, айлык акыга, жөлөк пул же стипендия төлөөгө, ошондой эле транспорт каражаттарын сатып алууга байланышкан чыгымдар каржыланбайт. Конкурста аялдар жетектеген долбоорлорго, студенттердин, анын ичинде студент кыздардын жана социалдык жактан аярлуу катмарлардын өкүлдөрүнүн катышуусуна артыкчылык берилет. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 8-апрелде саат 24:00гө чейин уланып, алар кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат. ЖОЖдордун окутуучулары, изилдөөчүлөрү, студенттери жана магистранттары үчүн 12–16-март жана 19-март күндөрү онлайн маалыматтык жолугушуулар уюштурулат. Мындан тышкары, 25-мартта жана 3–7-апрелде багыт берүүчү семинарлар өтүп, анда өтүнмө формасын толтуруу, долбоордун концепциясын тандоо жана жалпы процедуралар тууралуу түшүндүрмө берилет. Ал эми экинчи этапта 30-июль саат 24:00гө чейин долбоорлордун деталдуу сунуштары даярдалып, тапшырылышы керек. Бардык маалыматтар министрликтин расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланат”,-деди ал.
Директор белгилегендей, конкурстун негизги талаптарынын бири — долбоорлорго чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын жана экономиканын реалдуу секторунун өкүлдөрүнүн катышуусу. Бул демилгелердин кагаз жүзүндө гана калбай, практикалык мааниге ээ болуп, өлкөнүн экономикасына жана чарбасына реалдуу пайда алып келишин камсыз кылат. Ошондой эле бир нече багытты камтыган долбоорлорго артыкчылык берилет.
Белгилей кетсек, учурда Академиялык инновациялык фонддун кезектеги гранттык конкурсу жарыяланды. Гранттын максималдуу суммасы 200 миң АКШ доллары. Ал эми долбоордун ишке ашуу мөөнөтү 36 айды түзөт.