Импортту азайтуу: Жалал-Абадда жергиликтүү ун өндүрүшү кеңейтилет

Аймак Загрузка... 09 Февраль 2026 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев "Береке дан" ун заводунун жетекчилери менен ишкананын ишин жандандыруу жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин талкуулады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты.

Тилек Текебаев "Береке дан" ишканасынын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу, көлөмүн кеңейтүү жана ишкердикти колдоо максатында каржылык колдоо көрсөтүүнүн жолдорун талкуулады. Ошондой эле фонддордун талаптары жана шарттары менен тааныштырды.

Облус башчысы өлкөдө ун азыктарына болгон муктаждык жогору экенин белгилеп, учурда сырткы импорттун көлөмүн азайтуу, жергиликтүү ишкерлердин продукциясын колдоо жана рынокто жайылтуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, завод жетекчилигин өнүктүрүү фонддору менен тыгыз кызматташууга, ошондой эле Жалал-Абад бизнес-ассоциациясынын курамына кошулууга чакырды. Бул аркылуу ишкана документтик коштоо, долбоор даярдоо жана инвестиция тартуу боюнча тажрыйба жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жараларын кошумчалады.

Масы айылындагы "Береке дан" ун заводу 2025-жылы жаңы заманбап жабдууларды орноткон. Учурда ишкана жергиликтүү дыйкандардын буудайын кабыл алып, сактап, унга айландырып берет. Заводдо 20дан ашуун адам жумуш менен камсыз болуп, жылына 2 миң тоннага чейин буудай кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Буга чейин облус башчысы Тилек Текебаев заводдун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып келген.