Импортту алмаштырууга басым. Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугуна жетүүнү көздөйт

Экономика Загрузка... 03 Ноябрь 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга ички рыногун социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен камсыз кылууда ата мекендик өндүрүштүн ролун жогорулатууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн импортту алмаштыруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл. Бул импортту алмаштыруунун укуктук статусун жана механизмдерин аныктоону, ошондой эле агроөнөр жай комплексин экономикалык жактан колдоону, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн стимулдарды иштеп чыгууну, логистикалык чынжырларды өркүндөтүүнү жана продукциянын сапатын көзөмөлдөөнү камтыйт.

разные-продукты-питания.jpg

Эң оболу мыйзамдык базаны иштеп чыгуу зарыл. Башкача айтканда, импортту алмаштыруунун статусун жана аны ишке ашыруу механизмдерин аныктоочу ченемдик-укуктук базаны түзүү керек. Ата мекендик азык-түлүк өндүрүүчүлөр үчүн субсидия, жеңилдетилген насыя жана салыктык жеңилдиктер түрүндөгү мамлекеттик колдоо абдан маанилүү.

Ошондой эле логистикалык жана кайра иштетүүчү кубаттуулуктарды өнүктүрүүгө, заманбап кампаларды жана транспорттук инфраструктураны түзүүгө инвестицияларды тартуу зарыл. Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыты – инновацияларды жана технологияларды стимулдаштыруу. Бул айыл чарба тармагындагы изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды колдоону, ошондой эле продукциянын эффективдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды киргизүүнү талап кылат.

logistika.png

Өстүрүлгөн же кайра иштетилген айыл чарба продукциясы коопсуздук талаптарына жооп бериши жана белгиленген стандарттарга ылайык келген ата мекендик продукцияга дал келиши керек. Башкача айтканда, сапатты көзөмөлдөө болушу зарыл. Андан ары, ата мекендик айыл чарба продукциясына суроо-талапты стимулдаштыруу жана ички рынокто илгерилетүү зарыл. Маркетинг жана сатуу жогорку деңгээлде болушу керек.

Тамак-аш өндүрүү жана керектөө боюнча узак мөөнөттүү болжолдоолорду иштеп чыгуу маанилүү, бул импортту алмаштыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты оңдоого мүмкүндүк берет.

shutterstock_791237635-scaled.jpg

Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн бул негизги багыттарын ийгиликтүү ишке ашыруу коюлган милдеттерге жетүүдө оң натыйжаларды берет. Бул социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн импортуна көз карандылыкты азайтуу жана калкты азык-түлүк менен туруктуу камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт. Бул агроөнөр жай комплексинде жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн улуттук коопсуздугунун негизги элементтеринин бири катары азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө максатында маанилүү.

Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү мыйзамды улам толуктап, турмуштан келип чыккан талаптарга ылайык технологиялык жана терминдик жаңыртууларды киргизүү, фермерлердин демилгелерин колдоо жана тажрыйбасын жайылтууга багыт берүү зарыл. Ушундай көз караш менен караганда, президенттин мыйзамга толуктоолор киргизүү демилгесин колдой турганын «Бай багбан» ассоциациясынын төрагасы Манас Саматов белгиледи.

1049684722_0_190_2048_1478_1920x0_80_0_0_361f37fd5b065a1cfedab97fbaa01825.jpg

«Азыркы шартта тышкы конъюнктуранын өзгөрүшүнө өз убагында жооп кайтаруу зарыл. Кыргызстанда керектүү азыктарды өндүрүү менен биз бир нече маселени чечебиз. Биринчиси – калктын тамак-ашка жеткиликтүүлүгү. Экинчиси – өз чарбаларыбызды жана кайра иштетүүчү ишканаларыбызды өнүктүрүү. Үчүнчүсү – тышкы факторлордон көз карандысыздык жана азык-түлүк рыногунун туруктуулугу. Азыр чет өлкөдөн сатып алууга кеткен каражаттын бир бөлүгү өлкөдө калып, андан ары өнүгүүгө жумшала турганы да маанилүү.

Албетте, импортту алмаштыруу өзүнчө максат болбошу керек. Бирок эгерде биз бир нерсени өзүбүздө өндүрө алсак, эмне үчүн экспорттук жеткирүүлөргө валюталык ресурстарды коротушубуз керек? Кыргызстанда канчалык көп азык-түлүк өндүрүлсө, чек арадагы кыйынчылыктарга, кээде өтө татаал логистикага жана тышкы баанын кысымына ошончолук аз көз каранды болобуз. Импортко байланыштуу бардык чыгымдарды сатып алуучу төлөйт. Ошондуктан бийлик тенденцияларды так түшүнүп турат. Азыр бизге ата мекендик азык-түлүк көбүрөөк керек, ошондуктан мыйзамдар өркүндөтүлүп, аграрчыларга колдоо көрсөтүлүүдө», - дейт Манас Саматов.

2021-06-18_14-41-20_101676.jpg

Өлкөдөгү ар бир жаран керектүү өлчөмдө тамак-ашты ала алышын камсыз кылуу менен, өзүнчө “азык-түлүк көз карандысыздыгына” жетишкен абал – бул азык-түлүк коопсуздугу жана мамлекеттин экономикалык жана саясий көз карандысыздыгынын белгиси.