Азык-түлүк коопсуздугу: Жаңы өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Загрузка... 03 Ноябрь 2025 11:50
DST_7824.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 18-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзамга кол койду.

Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, алар:

– “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамда айрым терминдерди жана түшүнүктөрдү өзгөртүү жана аныктоо;

– ата-мекендик өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги тамак-аш азыктары менен ички рынокту толтурууда жана каныктырууда импорт алмаштыруунун ролун көтөрүү жана макамын аныктоо жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;

– өлкөнүн калкын тамак-аш азыктары менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо жана канааттандыруу жолу менен азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү деңгээлин аныктоо.