Бишкек, 12.06.26 /Кабар. Сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөн, ошондой эле коомдук тамактануу тармагында иш жүргүзгөн субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары төмөндөтүлөт.
Салык кызматынан билдиришкендей, президенттин "Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык төмөнкү субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары төмөндөтүлөт:
– сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөн субъекттер үчүн — 8 пайыздан 5 пайызга чейин;
– коомдук тамактануу тармагындагы субъекттер үчүн — Бишкек жана Ош шаарларында 5 пайыз, ал эми республиканын калган аймактарында 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Ошондой эле аталган документ менен алдын ала төлөмдөр боюнча салык төлөө талабы турак жай жана турак жай эмес жайларды алгачкы жолу сатуу менен алектенген ишкердик субъекттерине гана колдонулат. Мындай субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төлөмдүн түрүнө карабастан 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан. Аталган долбоор бизнестин ачыктыгынын жогорулашын, көрсөтүлгөн кирешелердин жана тиешелүү түрдө салык салынуучу базанын өсүшүн көрсөткөн.
Ошондой эле салыктын ставкаларын төмөндөтүү ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана салыктык жүктү азайтууга өбөлгө болот.