Транзиттик потенциалды пайдалануу эки өлкөнүн көңүл чордонунда болду – Кулубаев

Экономика Загрузка... 12 Июнь 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-06-12 at 16.38.51.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу эки мамлекеттин ортосундагы эң маанилүү сүйлөшүүлөрдүн бири болду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер туруктуу өнүгүп келгени менен, көп жылдан бери мамлекеттик деңгээлдеги жогорку даражадагы сапарлар уюштурула элек болчу.

“Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Кыргызстанга келип отурат. Мында эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү, соода байланыштарын кеңейтүү, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу боюнча абдан жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Белгилүү болгондой, Грузиянын Кара-Деңизге чыкканга чоң порттору бар. Биз дагы бул деңиз жана Кавказ аркылуу Европа мамлекеттерине чыгып, соода-сатыкты өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз.
Ал эми Грузия бизде курулуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна кызыгууда. Бул долбоор аяктагандан кийин Кавказ өлкөлөрү, анын ичинде Грузия дагы биз аркылуу Кытайга чыга алууга мүмкүнчүлүк алышат. Андыктан, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу эки мамлекеттин ортосундагы эң маанилүү сүйлөшүүлөрдүн бири болду.
Мындан сырткары, экологияны сактоо, айыл чарбасы, манадият, спорт жаатында дагы макулдашуулар болуп, бир катар документтерге кол коюлду. Грузиянын ички саясаты тынчтанды, бизде дагы бир катар өнүгүүлөр болуп жатат. Ошондуктан, эки өлкөнүн ортосундагы байланыш жана мамиленин келечеги чоң деп эсептейм”, - деди ТИМ башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин жолугушуусу өттү. Бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары.