Импортко көз карандылыкты азайтуу: Жергиликтүү мунайды өздөштүрүү зарылчылыгы

Аналитика Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.19.06.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу жана анын ичинен импорттук мунайзатка болгон көз карандылыгы маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Биздин өлкө күйүүчү-майлоочу каражаттардын дээрлик 85-90% сырттан сатып алат. Буга байланыштуу дүйнөлүк мунай рыногундагы өзгөрүүлөр, өнөктөш өлкөлөрдөгү геосаясий кырдаалдар, эл аралык логистикадагы жана баадагы өзгөрүүлөрдүн таасири бизге дароо эле тийип жатат. Өкмөт бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүп, маселени чечүү аракетинде. Бул арада мунай иштетүүчү бир нече завод курулуп жана модернизацияланып жатат. Геологдор биздин өлкө өзүнүн мунай камылгасын иштетүүнү көбөйтүүгө убакыт келгенин белгилешүүдө.

WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.19.06 (2).jpeg

Кыргызстан сырттан ташылып келген мунайзатка көз каранды экени маалым. Өлкөнүн нефти продуктуларына жылдык муктаждыгы Монополияга каршы кызматтын маалыматы боюнча 1,6 млн тоннаны түзөт. Өлкө анын дээрлик 90 пайызын сатып алат жана басымдуу бөлүгү Россияга таандык. Жалпы дүйнөлүк күйүүчү май рынокторундагы чыңалган абал, даяр бензин менен дизелдик отундун экспортунун кыскаруусу, Жакынкы Чыгыштагы Ормуз кысыгындагы кырдаал жана өнөктөш өлкөлөрдөгү саясий окуялар дүйнө өлкөлөрүнө таасирин тийгизбей койгон жок. Натыйжада глобалдык деңгээлде күйүүчү-майлоочу каражаттар таңсыктыгы жаралып, баалар өсүүдө.

Эл аралык экономикага кызуу катыша баштаган Кыргызстанда да акыркы айларда күйүүчү май көйгөйлөрү жаралды. Нефти продуктуларынын айрым түрлөрү жетишсиз. Баалар учурда Аи-92 – 86,9 сом, Аи-95 – 109,9 сом, дизель – 99,9 сом болду. Бул Тажикстан менен Өзбекстанга караганда 20-25 сомго арзан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин божомолу боюнча баалар акырындык менен жогорулашы мүмкүн. Ошол эле убакта өкмөт башчысы күйүүчү майлардын таңсыктыгы болбой турганын айтат. Кыргызстан Россия менен ай сайын 100 000 тонна күйүүчү май жеткирүү боюнча макулдашкан. Мындан сырткары күйүүчү майды Беларустан, бир бөлүгүн Кытайдан жана Түркиядан алып келишкен.

69858a8e57005.jpeg

“Ошондой эле Азербайжан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мен бул маселени Өзбекстандын премьер-министри менен да талкууладым. Аларда биз айына 20 000 тоннага жакын бензин алуу үчүн колдоно турган мунай иштетүүчү заводдор бар. Ошондой эле биз Түркиядан жана Европадан жеткирүүнү жолго коюп жатабыз. Түркиядан келген жеткирүүлөр өлкөнүн географиялык жайгашуусу жана транзиттик мүнөздөмөлөрүнөн улам татаал болууда”, - деди минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев.

Бул арада министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо, кампалардагы камылга маселелерин көтөрдү.

6a7094c1b542c_.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Анда мунай импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

6a71ba7093052.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Ички өндүрүштүн көлөмү

Геологдордун маалыматына таянсак, Кыргызстанда мунайзат боюнча перспективдүү деп ондон ашуун аянт аныкталган. Алар Чүй облусунда, Ысык-Көл, Аксай, Арпа, Талас, Жумгал жана Фергана, Алай өрөөндөрүн камтыйт. Анда 500 миллион тоннадан 1 млрд 300 млн тоннага чейин нефти жатат деген божомол бар.

Учурда Жалал-Абад жана Баткен облустарында нефти жана газды “Кыргызнефтегаз” ишканасы казууда. Ишкана жалпысынан 14 чет элдик инвестициялык компания менен иш алып барат.

WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.19.07.jpeg

“Кыргызнефтегаздын” туунду компаниясы болгон “Кыргыз петролеум компани” нефтини кайра иштетүүчү заводу учурда масштабдуу модернизациядан өтүүдө. Жаңырган комплекс АИ-92 жана АИ-95 бензиндерин өндүрөт жана завод Кыргызстандын ички бензин жана дизелдик отунга болгон муктаждыгынын 32% га чейин жапкыдай болот. Модернизация 2027-жылдын аягына чейин аякташы керек.

Мындан сырткары, Кочкор-Атада мунай иштетүүчү дагы бир завод курулууда. Анын долбоордук кубаттуулугу жылына 450 миң тонна мунай продуктуларын түзөт жана биринчи фазасын 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалган. Завод К-5 жана К-6 экологиялык класстагы бензин жана дизель отунун, ошондой эле битум жана мотор майларын өндүрүүнү пландаштырууда.

Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдун ишмердиги 2026-жылы кайрадан жанданары маалымдалган. Өндүрүш кубаттуулугу 450 миң тонналык завод 2018-жылы ишин токтоткон болчу. Учурда реконструкция жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.19.08 (1).jpeg

Ал эми Чүйдөгү “Жунда” заводу бүгүнкү күнү өлкөдөгү эң ири мунай иштетүүчү завод болуп саналат. 2025-жылы Кыргызстанда жалпысынан 261,3 миң тонна нефти казылган. 2024-жылы бул көлөм 298,8 миң тоннаны түзгөн. Бул суроо-талаптын 5 пайызга жакынын гана жаба алат.

WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.19.08.jpeg

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кабар” агенттигине берген маегинде өлкө күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон ички муктаждыгын өзү толугу менен жабуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.19.07 (1).jpeg

“Кыргызнефтегаздын алкагында бөлүнгөн бюджеттик насыяга кубаттуулугу 450 миң тонна мунай иштетүүчү завод курулууда. Өлкөнүн жалпы муктаждыгы 1,2 миллион тоннаны түзсө, анын 800 миң тоннасын "Жунда" мунай иштетүүчү заводу камсыздайт. Мындан тышкары, кубаттуулугу 100 миңден 200 миң тоннага чейинки чакан мунай иштетүүчү заводдор курулуп жатат. Бул объектилердин баары ишке киргенден кийин 4-5 айга жеткидей күйүүчү майды камдап алабыз. Өзүбүздүн продукция ички муктаждыктарды жаап, күйүүчү май рыногундагы бааларды турукташтыруучу толук кандуу иштеген механизмди түзөт деп күтөбүз”, - деди Амангелдиев.

Ишти жеңилдете турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу

Ички иштетүүлөр чакан болгону менен тармактын потенциалы чоң. Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы, академик Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, жергиликтүү мунайды иштетүү өтө татаал жана ири каражатты талап кылат. Ошого карабай баштап алса алдыдагы 5-10 жылда ички муктаждык толук жабылмак деген ойдо.

WhatsApp Image 2026-08-07 at 10.19.06 (1).jpeg

“Союз кезинде экономикалык мүмкүнчүлүктөргө, акча каражатына байланыштуу толук кандуу чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Негизги себеби – нефтинин тереңде жатканында. Анткени, перспективдүү мунай геологиялык тил менен айтканда жер катмарынын палеозой катмарында жайгашкан. Мисалы, Аксай, Арпадан ары чек арадан өткөндөн кийин Кытай жергесинин Тарим деген аянты бар. Ошол жактан акыркы жылдары миллиарддан кем эмес нефти камылгасы бар экенин аныкташкан. Биздин геологдордун, нефти адистеринин айтымында, биздин Аксай, Арпада да ошондой чоң нефть жери бар.
Бургуланбаган себеби – инвесторлор үчүн чыгашалуу экенинде. Беш чакырымдан кем эмес жерди бургулап, төрттөн кем эмес скважина казуу үчүн бир миллиард сомдон ашык каражат кетет экен. Мындан сырткары, нефти табылбай же Тарим бассейнине туш болуу тобокелчилиги бар. Нефти табылган күндө деле инфраструктура жок. Натыйжада, күйүүчү майдын баасы импорттолгон майдан 2-3 эсе ашып кетет”, - деди техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков.

images.jpg

Дүйшөнбек Камчыбеков учурда курулуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу мунай казуу, күйүүчү-майлоочу каражаттарды өндүрүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө болот дейт.

“Кашкардан, Торугарттан өтө турган темир жол Аксай, Арпа аркылуу да өткөнү турат. Андан барып Жалал-Абадга кошулат. Биринчиден, темир жол маселеси чечилип жатат. Мунайды бүгүн каза баштасак деле, убактысы боюнча жетишпейбиз. Ошондуктан акча каражат караштырып, ошол жактагы мунайга баш багып көрбөйлүкпү. Эгер нефть табылып калса темир жол менен Жалал-Абадга алып барып кайра иштетсек болот. Убакыт да өзүнүн шартын коюп жатат. Бүгүн дүйнөлүк коомчулукта болуп жаткан таңкыстыктар, чектөөлөрдүн залакасы бизге тийип жаткандан кийин өзүбүздө көлөмдөрдү көбөйтүү максаттуу. Биз мамлекетик деңгээлде масштабдуу иш жүргүзүп 5 жылдан кийин болобу, 10 жылдан кийин болобу өзүбүздү мунайзат менен толук камсыз кылышыбыз керек деген тапшырма коюп иштесек, иш аткарылып кетет эле”, - деди геолог.

Мунай маселеси жакында эле Чолпон-Ата шаарында өткөн “Борбор Азия+ Азербайжан” президенттеринин бейрасмий кеңешмесинде да козголду.

Чөлкөмдүн өлкөлөрү аймакта биргелешкен мунай иштетүүчү ири завод курууну сунушташты. Учурда дүйнөлүк жана аймактык энергетикалык рыноктордогу өзгөрүүлөрдүн Борбор Азия өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин эске алып, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо туруктуу өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири.