Бишкек, 22.01.26 /Кабар/. Окумуштуулардын изилдөөлөрү иш жүзүндө колдонулуп, өндүрүш ишканаларына пайда алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушу керек. Бул тууралуу “Горизонт Европа” программасынын маалыматтык семинарында Жогорку Кеңештин депутаты жана Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Салтанат Аманова билдирди.
Анда ал жогорку окуу жайлардын ачылыштарына колдоо көрсөтүү, өндүрүш менен тыгыз байланыштыруу жана мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда илимпоздордун ролун күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
“Жалпыга маалым болгондой, өткөн жылы мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, Жогорку Кеңеш тарабынан 5 жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилген. Мунун негизги максаты – инновациялык жаңы табылгаларга, илим изилдөөдөгү жаңы ачылыштарга жардам берүү, ЖОЖдордун илимий жактан потенциалын жогорулатуу, аларды эл аларык деңгээлге чыгаруу жана дем берүү болгон. Ал эми бул илим жаатындагы реформалардын башталышы гана болуп саналат.
Азыр Жогорку Кеңеш экинчи этапта өлкөнүн жети облусунда жана эки чоң шаарындагы жогорку окуу жайларды илим менен өндүрүшкө жакындатууну көздөп жатат. Башкача айтканда, окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөлөр иш жүзүндө колдонулуп, өндүрүш ишканаларына пайда алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушу керек.
Ошондой эле мында өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын ар тараптан жогорулатууга багытталган илимий изилдөөлөрдү эл аралык деңгээлдеги алдыңкы окумуштуулар менен биргеликте ишке ашыруу негизги приоритет катары коюлууда.
35 жылдын ичинде экономикабы, кен казуу, биология, география, айыл чарбасы же мал чарбасы болобу министрликтер өзүнчө программа түзүп, илимпоздор менен кеңешпей туруп кайсы бир иштерди баштап, бирок ал тажрыйбалары ордунан чыкпай калган учурлар болгон. Окумуштуулар пландарды өндүрүш менен биргеликте түзүп, тема тандаганда дагы актуалдуу, мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошо турган темаларды тандап алышса деп сунуштайт элем”,-деп белгиледи.