Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга каршы ири өлчөмдөгү айып пулдар каралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти.
Тартип бузуулардын алдын алуу максатында министрликтин инспекторлору тарабынан үзгүлтүксүз рейддер жана күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. Мыйзамга ылайык, өлкөнүн Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз аткандар үчүн төмөнкүдөй айып пулдар белгиленген:
- илбирс аткандар үчүн — 2 миллион сом;
- аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен үчүн — 1 миллион 500 миң сом;
- кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн үчүн — 50 миң сом.
Министрлик жакында эле Суусамыр өрөөнүндө мыйзамсыз атылган кийиктин этин бышырып жаткан жеринен бир браконьер колго түшүп, учурда анын иши укук коргоо органдары тарабынан тергелип жатканын маалымдады.
Ведомство жарандарды жаратылышты коргоого жана мыйзамдарды так сактоого чакырат. Мыйзамсыз аңчылык фактыларына күбө болгондор министрликтин 108 түз байланыш номерине купуя түрдө ыкчам маалымат бере алышат.