Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Акыркы күндөрү мессенджерлерде жана социалдык тармактарда "коммуналдык кызматтын өкүлү катары өздөрүн тааныштырган кылмыштуу топтор үйлөргө кирип жатат" деген мазмундагы билдирүүлөр жалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, айрым топтор менен байланышуудан алыс болуу зарылдыгы жана кылмыштуу топтордун активдешкендиги тууралуу тарап жаткан аудио жана тексттик билдирүүлөр чындыкка дал жана жалган билдирүүлөрдү таратуу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн экенин эскертет.
Белгиленгендей, учурда абал туруктуу.
"Жарандардан тынчтыкты сактоону жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мындай билдирүүлөрдү башкаларга жөнөтпөөнү жана ИИМдин расмий булактарына гана таянууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.