Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Учурда өлкө аймагы боюнча шайлоо тынч өтүүдө, укук бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов брифингде билдирди.
Ал белгилегендей, милиция кызматкерлери тарабынан коомдук коопсуздук камсыздалууда.
“Жогорку Кеңешке өткөн талапкерлердин даяр тизмеси деп тарап жаткан маалыматка ишенбөөгө чакырабыз. Азыр бул маалымат ИИМ тарабынан текшерилүүдө”, - деди Макилов.