ИИМ: Коомдук коопсуздукту камсыздоого 14 миңден ашык милиционер тартылды

Коом Загрузка... 30 Ноябрь 2025 10:26
WhatsApp_Image_2025_D2kqb4n.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда өлкө аймагы боюнча шайлоо маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 14 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, ИИМдин аймактык бөлүмдөрү да жер-жерлерде иштеп жатат.

"Ошондой эле социалдык тармактардан түшкөн мыйзам бузууларды документтештирүү үчүн эң тажрыйбалуу кызматкерлерден турган топтор түзүлдү", - деди ал.