ИИМ: Пара бергендер да, алгандар да мыйзам алдында катуу жооп берет

Коом Загрузка... 13 Март 2026 16:06
WhatsApp_Image_2024-12-09_at_15.00.00_1.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги коррупция менен күрөшүүнүн алкагында жарандарга жана мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш жоопкерчилиги тууралуу эскертүү таратты.

Ага ылайык, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип, адилеттүүлүк принцибин бузат. Мыйзам алдында пара талап кылгандар гана эмес, аны сунуштагандар жана ортомчулук кылгандар да бирдей жоопкерчиликке тартылат.

1.png

Кайда кайрылуу керек?

Эгерде сиз ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу же башка коррупциялык аракеттерге туш болсоңуз, ИИМдин Ички иликтөө кызматына токтоосуз кабарлаңыз. Ишеним телефону: 0 (704) 99-99-18 (күнү-түнү иштейт).

ИИМ коомчулукту коррупцияга каршы биргелешип күрөшүүгө жана мыйзам үстөмдүгүн орнотууга салым кошууга чакырат.