ИИМ: Мугалимди сабаган окуучунун ата-энеси милицияда иштебейт

Коом Загрузка... 24 Февраль 2026 13:42
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Мугалимди сабаган окуучунун ата-энеси ички иштер органдарында иштейт деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинин "Элден собол" берүүсүнүн түз эфиринде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова билдирди.

Ал өспүрүмдүн ата-энеси карапайым жарандар экенин белгиледи.

"Мектеп окуучусунун атасы ИИМдин кызматкери болгон күндө да, бул жоопкерчиликтен качууга жардам бермек эмес. Мыйзам алдында бардыгы бирдей жана укук бузуу жасалган учурда күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык катуу жазага тартылышат. Учурда бейбаштык үчүн 180 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган", - деди Нуржан Адылова.