ИИМ: Майрам күндөрү элдин коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте камсыздалат

Коом Загрузка... 19 Март 2026 09:38
95664124-088e-412c-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. 20-22-март күндөрү ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде онлайн форматта өткөн кеңешмеде айтылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул күндөрү коомдук жайларда, мечиттердин айланасында жана майрамдык иш-чаралар өтүүчү аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кайгуул кезметтеринин саны көбөйтүлөт. Жалпысынан коомдук тартипти сактоого 12 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.

"Коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо — ички иштер органдарынын негизги милдети. Майрам күндөрү иш-чаралардын тынч жана уюшкандыкта өтүшүн камсыз кылуу зарыл. Айрыкча жол коопсуздугуна көңүл буруп, чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу жана ар кандай коркунучтарга ыкчам чара көрүү керек. Кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай аракеттер, жалган маалыматтарды таратуу жана чагымчылдыктар өз убагында аныкталып, аларга катуу бөгөт коюлат", — деди министр Улан Ниязбеков.

"Кеңешменин жыйынтыгында жарандарды адаштырууга алып келиши мүмкүн болгон же коомдук тынчтыкты бузган чагымчыл аракеттерди, жалган маалыматтарды таратууну жана башка терс факторлорду аныктоо, аларга бөгөт коюу боюнча ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү күчөтүү зарылдыгы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.