ИИМ кызматкерлери жаңы атайын экипировка менен камсыз болду

Коом Загрузка... 30 Июнь 2026 22:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине атайын экипировкаларды тапшыруу аземи өттү.

ТИМден билдиришкендей, жайкы жана кышкы мезгилдерге ылайыкталган 21 комплект атайын кийим-кеченин баасы 2 млн сомду түзөт.

"Буга чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ушул сыяктуу атайын экипировка жана керектүү жабдууларды сатып алган.

Аталган жабдуулардын пайдалануу мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин тапшырмасынын негизинде Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Чыңгыз Токтобеков тарабынан башкармалыкка керектүү атайын экипировканын жаңы партиясы тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.