ИИМ: Кыргызстанда жаңы жыл түнү тынч өттү, олуттуу кырсыктар катталган жок

Коом 1306 01 Январь 2026 10:22
FB_IMG_1767241323847.jpg
FB_IMG_1767241317310.jpg
FB_IMG_1767241314773.jpg
FB_IMG_1767241319772.jpg
FB_IMG_1767241321928.jpg
FB_IMG_1767241325995.jpg
FB_IMG_1767241327956.jpg
FB_IMG_1767241330192.jpg
FB_IMG_1767241331965.jpg
FB_IMG_1767241333864.jpg
FB_IMG_1767241335766.jpg
FB_IMG_1767241337714.jpg
FB_IMG_1767241339497.jpg
FB_IMG_1767241341332.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767241323847.jpg
FB_IMG_1767241317310.jpg
FB_IMG_1767241314773.jpg
FB_IMG_1767241319772.jpg
FB_IMG_1767241321928.jpg
FB_IMG_1767241325995.jpg
FB_IMG_1767241327956.jpg
FB_IMG_1767241330192.jpg
FB_IMG_1767241331965.jpg
FB_IMG_1767241333864.jpg
FB_IMG_1767241335766.jpg
FB_IMG_1767241337714.jpg
FB_IMG_1767241339497.jpg
FB_IMG_1767241341332.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 01.01.2026. /Кабар/. Жаңы жыл түнү тынч өттү, республиканын аймагында олуттуу кылмыштар жана укук бузуулар катталган жок. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн жайларда жана калк көп чогулган башка жерлерде укук тартибине туруктуу жана күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлдү.

Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү жаңы жыл түнү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык зарыл болгон уюштуруу чараларын көрүштү.

29-декабрдан баштап ички иштер органдарынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүп, милициянын жана тергөө-ыкчам топторунун күчөтүлгөн кезметтери уюштурулду.

"Ички иштер органдарынын бардык өздүк курамынын күчү коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук тартибин сактоо, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө жана сигналдарга ыкчам жооп берүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маанилүү тапшырмаларды аткарууга багытталды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын он эки миңден ашык кызматкери тартылган.