Курултайда көтөрүлгөн маселе - "Эркечтам" жолундагы тыгындарды жоюу башталды

Коом 31 декабрь 2025 11:11
FB_IMG_1767158426473.jpg
FB_IMG_1767158424364.jpg
FB_IMG_1767158428551.jpg
FB_IMG_1767158430727.jpg
FB_IMG_1767158432969.jpg
FB_IMG_1767158435119.jpg
FB_IMG_1767158437254.jpg
FB_IMG_1767158439141.jpg
FB_IMG_1767158441129.jpg
FB_IMG_1767158443243.jpg
FB_IMG_1767158446773.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767158426473.jpg
FB_IMG_1767158424364.jpg
FB_IMG_1767158428551.jpg
FB_IMG_1767158430727.jpg
FB_IMG_1767158432969.jpg
FB_IMG_1767158435119.jpg
FB_IMG_1767158437254.jpg
FB_IMG_1767158439141.jpg
FB_IMG_1767158441129.jpg
FB_IMG_1767158443243.jpg
FB_IMG_1767158446773.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. IV Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелердин бири чечилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолундагы маселелерди жөнгө салуу ишин баштады.

Жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев "Эркечтам" бажы пунктуна барып, кыргыз-кытай чек арасындагы айдоочулар менен жолугушту.

Кытайлык жана жергиликтүү айдоочуларга жол эрежелерин сактоо, каршы тилкеге чыкпоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Кытай тилинде атайын маалыматтык баракчалар илинип, таркатылды.

Ош облустук ЖКККББсына жол тескөөчүлөрдү туура жайгаштыруу жана жасалма тыгындарды болтурбоо тапшырмасы берилди.

"Эркечтам" бажы пункту деңиз деңгээлинен 3536 метр бийиктикте жайгашкан жана стратегиялык мааниге ээ.

Белгилей кетсек, курултайда аймактан келген делегаттардын бири аталган жолдо унаа тыгыны чечип берүү өтүнүчүн айткан.