Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги мектеп окуучуларынын арасындагы рэкетчиликке жана зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүдө. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
ИИМ мектеп окуучуларына жана алардын ата-энелерине кайрылып, ар кандай мыйзамсыз аракеттердин соңу оор кесепеттерге алып келерин эскертет.
"Мектеп рэкетчилигине жана зомбулукка каршы мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт. Опузалап талап кылуу, тоноо же зомбулук көрсөтүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган жана мындай жагдайлар келечектеги мүмкүнчүлүктөргө тоскоолдук жаратышы мүмкүн",-деп айтылат маалыматта.