ИИМ: Боди-камералар – жарандардын укуктарын коргоонун кошумча кепилдиги

Коом Загрузка... 30 Июнь 2026 18:35
copyright icon ИИМ

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган заманбап санариптик технологияларды киргизүүнү улантууда.

Ведомствонун маалыматына караганда, алардын бири - кызматкерлер тарабынан колдонулуучу көкүрөккө тагылуучу видеокаттагычтар (боди-камералар).

"Боди-камералар кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда видео жана аудио маалыматтарды үзгүлтүксүз жаздырып, болуп жаткан окуяларды объективдүү каттоого, милиция кызматкерлери менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгын камсыздоого, ошондой эле жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун кошумча кепилдиги болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, системанын ишине мониторинг жүргүзүү ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борбору тарабынан жүзөгө ашырылат. Бардык видеожазуулар корголгон маалыматтык системада 90 күнгө чейин сакталат жана зарыл болгон учурларда жарандардын кайрылууларын кароодо, ошондой эле окуялардын бардык жагдайларын ар тараптуу иликтөөдө колдонулушу мүмкүн.

Боди-камераларды колдонуу ички иштер органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатууга, милицияга болгон жарандардын ишенимин бекемдөөгө, талаштуу жагдайларды объективдүү кароого жана кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулукту камсыздоого өбөлгө түзөт.