ИИМ басмырлоого жана улуттар аралык кастыкка жол бербөөгө чакырат

Коом Загрузка... 25 Апрель 2026 18:05
WhatsApp Image 2026-04-25 at 17.36.13.jpeg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды басмырлоого жана улуттар аралык кастыкка жол бербөөгө чакырат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, адамдардын ар-намысын кемсинткен билдирүүлөргө жана аракеттерге, ошондой эле улуттар аралык кастыкты, жек көрүүнү жана келишпестикти козуткан көрүнүштөргө, анын ичинде басмырлоочу жазууларды жана жарыяларды жайгаштырууга жол берилбейт.

Министрлик ар бир жарандын укуктарын урматтоо, коомдук ынтымак жана бардык улут өкүлдөрүнүн өз ара сый-урматы өлкөдөгү туруктуулуктун негизи экенин эскертет.

"Улуттар аралык ынтымакты, коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын бузууга багытталган ар кандай аракеттер мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет", - деп айтылат маалыматта.
WhatsApp Image 2026-04-25 at 17.36.13 (2).jpeg