Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. ИИМдин Атайын багыттагы полку президентке түз баш ийди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган билдирүүлөр эч кандай фактылык негиздери жок жана алар ишенимсиз болуп саналат.
ИИМдин Атайын багыттагы полку штаттык режимде ишин улантууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн маалыматты расмий булактардан гана алууга жана текшерилбеген, бурмаланган маалыматтарды таратпоого чакырат.