Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин академиясында курсанттар менен студенттерди бүтүрүүгө арналган салтанаттуу азем өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чаранын алкагында билимге умтулууну, кесиптик калыптанууну жана муундардын салтын улоону символдоштурган "Академиянын бүтүрүүчүсү" аттуу скульптуралык композициянын ачылыш аземи өткөрүлдү.
Катышуучулар ошондой эле академиянын аймагында куруу мерчемделип жаткан жаңы окуу корпусунун макети менен таанышты.
Мындан тышкары, академиянын башчысы Азамат Ногойбаев жаңы окуу имаратынын долбоору жана билим берүү мекемесин мындан ары өнүктүрүү перспективалары тууралуу маалымат берди.
Академиянын саптык аянтында курсанттар менен студенттерди бүтүрүүгө арналган негизги салтанаттуу бөлүк өткөрүлдү.
Бүтүрүүчүлөргө куттуктоо жана ак жол каалоо сөздөрү айтылып, мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтер кааланды.
Салтанаттуу азем майрамдык жана көтөрүңкү маанайда жыйынтыкталды.