Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. ИИМ академиясы 2026–2027-окуу жылына карата талапкерлерди кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Академия жогорку юридикалык билимдүү, квалификациялуу адистерди мамлекеттик стандартка ылайык даярдайт.
Окуу жай гранттык (акысыз) негизде "Укук коргоо ишмердүүлүгү" багыты боюнча күндүзгү бөлүмгө курсанттарды кабыл алат. Окуу мөөнөтү — 4 жыл.
Негизги талаптар:
- Курагы: 2026-жылдын 1-июлуна карата 17 жаштан 25 жашка чейин.
- Билими: Жалпы орто же кесиптик орто билим.
- Боюна коюлган талап: Эркектер үчүн — 170 см кем эмес, кыздар үчүн — 165 см кем эмес.
- Спорт чеберине талапкерден төмөн эмес спорттук наамы барлар үчүн боюнун узундугу: Эркектер — 168 см, кыздар — 163 см кем эмес болуусу шарт.
Гранттык же акы төлөнүүчү негизде окууну каалаган абитуриенттер тиешелүү иш кагаздарын даярдоо үчүн ИИМ академиясынын кадрлар бөлүмүнө кайрылуулары зарыл.
Байланыш телефондору: 0 (312) 63-14-31, 63-14-19; 0550 46-87-87; WhatsApp: 0705 52-98-81.
Толук маалыматты окуу жайдын расмий сайтынан алсаңыз болот.