ИИМ: Айт намаз учурунда коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалды

Коом 690 20 Март 2026 10:50
2.jpg
1.jpg
653704374_1330443369104661_7750381252200234107_n.jpg
653706441_1330443235771341_3256500082101213569_n.jpg
653922540_1330443389104659_1042864599351440391_n.jpg
655235611_1330443345771330_4708550450336377334_n.jpg
655627239_1330443409104657_5362327624933937997_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Т.Усубалиев атындагы эски аянтта өткөн Орозо айт намазы учурунда коомдук коопсуздук камсыздалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, миңдеген адам чогулган айт намазда коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылышкан.

Милициянын кошумча күчтөрү тартылып, жол кыймылын жөнгө салуу жана кайгуул күзөт күчөтүлгөн. Кабыл алынган чаралардын аркасында иш-чара эч кандай кырсыксыз, тынч өттү.

“Ички иштер министрлиги массалык иш-чараларды өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну жогорку деңгээлде улантууда”, — деп айтылат маалыматта.