ИИМ: “102” кызматына чалган ар бир адамдын кайрылуусу кароосуз калбайт

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 11:15
WhatsApp Image 2026-01-19 at 11.12.06.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Жаңы технологияларды колдонуу менен бир дагы “102” кызматына чалган адамдын кайрылуусу кароосуз калбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын Коомдук коопсуздук кызматынын кырдаалдык борборунун башчысы Туратбек Жакшылыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, “102” кызматы 24 саат байланышта болуп, атайын операторлор күнү-түнү иштешет.

“Келип түшкөн чалуулардын бардыгы тейленет. Жаңы технология менен бир дагы “102” кызматка чалган адамдын кайрылуусу кароосуз калбай турганын тастыктай алабыз. Андан тышкары, кызматкерлер күнүгө Кайгуул кызматынын күнү-түнү тергөө ыкчам тобу менен биргеликте иш алып барышат. Коомдук жайларда кандайдыр бир чакыруулар болсо, тез арада ыкчам иш алып барганга бизде толук шарт түзүлгөн. Чакыруу болгон жерге барса да, жүзүн таануучу видео байкоолор бар. Ар кандай кылмыштар болсо, далил катары видеолорду карай алабыз”,- деди Жакшылыков.

Ошондой эле ар бир кызматкердеги боди камера аркылуу кандайдыр бир укук бузуулар болсо, тартып алганга мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын “102” кызматы сыяктуу өлкө аймактарында ар бир облустун өзүнүн “102” кызматы бар.