III Түрк Универсиадасы: волейбол боюнча жеңүүчүлөр сыйланды

Спорт 09 Сентябрь 2025 14:50
545368888_799234995783053_7154563653383478740_n.jpg
545603847_799235002449719_1312837189834980500_n.jpg
545018515_799234952449724_5474141483530729368_n.jpg
544933687_799234912449728_4671185958257073014_n.jpg
545549603_799234982449721_3501681807027374014_n.jpg
545746993_799234945783058_5663028608519131305_n.jpg
545138438_799234965783056_8226925231074462039_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. 8-сентябрда Түрк Универсиадасынын алкагында волейбол боюнча мелдештер аяктап, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Белгиленгендей, 5-сентябрда волейбол боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасындагы мелдештер башталган.

Жыйынтыгында эркектер арасында биринчи орунду Кыргызстандын, экинчи орунду Өзбекстандын, үчүнчү орунду Казакстандын командасы алды.

Ал эми кыз-келиндер арасында Өзбекстандын командасы биринчи орунду алса, Кыргызстандын командасы экинчи орун, Казакстандын командасы үчүнчү орунга ээ болду.

Ошондой эле, эркектер жана кыз-келиндер арасында “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты тосмочу” номинациялары аныкталды.

Эске салсак, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарында III Түрк Универсиадасы башталган.