Чолпон-Атада III Түрк Универсиадасы башталды

Спорт Загрузка... 04 Сентябрь 2025 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 04.09.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында III Түрк Универсиадасы башталды.

Бүгүн дзюдо боюнча мелдештер өтүүдө. Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасында 14 спортчу бар. Машыктыруучу Гапар Турсуналиев "Кабар" агенттигине билдиргендей, кыздар 4 салмак ченинде, эркектер 3 салмак категориясында күрөшмөкчү.

"Дзюдочулардын жетөө эркек, жетөө кыздар. Окуу-машыгуу даярдыктар жакшы өттү. Тизмеде кадеттер арасында Азиянын жеңүүчүлөрү бар. Бардык спортчуларыбыз ийгиликке жетишет деп күтүп жатабыз", - деди ал.

Ал эми Казакстандын делегациясынын жетекчиси Мухтар Ескалиевдин айтымында, Кыргызстанда өтүп жаткан III Түрк Универсиадасына Казакстандан 90 адам келди, анын 66сы спортчулар. Алар спорттун жети түрү боюнча катышууда.

"Быйыл Түркстан шаарында улуттук универсиадабыз өткөн. Ошол мелдештин жеңүүчүлөрү да ушул таймашка келди. Биздин спортчулар спорттун жети түрүндө мелдешет", - дейт Казакстандын өкүлү.

Универсиадада спортчулар дзюдо, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, шахмат, үстөл тенниси, волейбол, футзал боюнча күч сынашат.

Түрк Универсиадасына Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Азербайжандын студенттик курама командалары катышууда. Жалпысынан иш-чарага 450дөн ашык делегация мүчөлөрү чогулду.

Белгилей кетсек, Түрк Универсиадасы Түрк Кеңешинин 2013-жылдын 16-августунда Габалада өткөн III жана 2014-жылдын 5-июнунда Бодрумда өткөн IV саммиттеринде Түрк мамлекеттеринин башчылары тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде уюштурулган.

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн III саммитинин декларациясында белгиленгендей, Түрк Универсиадасына Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер жана башка түрк тилдүү мамлекеттер катыша алат.

Түрк Универсиадасын түрк тилдүү мамлекеттердин бири жайкы же кышкы спорттук оюндар боюнча өткөрөт. Оюндар 5 милдеттүү спорт түрүн жана кабыл алуучу өлкө тандаган үчкө чейинки кошумча спорт түрлөрүн камтый алат.

Эске салсак, алгачкы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Универсиадасы 2018-жылы апрель айында Бакуда (Азербайжан), II Түрк Универсиадасы Казакстандын Түркстан шаарында 2023-жылдын ноябрь айында өткөн.

Анда Универсиаданын желеги Кыргызстандын өкүлдөрүнө тапшырылып, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн III Универсиадасы 2025-жылы Кыргызстанда өтөрү белгилүү болгон.