Жаңы жылда автобустар түнкү экиге чейин каттайт

Коом Загрузка... 30 Декабрь 2025 14:15
--------------------4.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Жаңы жыл түнүндө Бишкектеги коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, Жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 02:00 - 03:00гө чейин каттайт.

Каттамдарга жалпысынан 300дөн ашык автобус чыгат.

Бул чечим борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.