Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Кыргызстанга келди

Коом 28 Январь 2026 10:29
621815899_1303463351800020_5357090020998890586_n.jpg
621799780_1303463361800019_3129689086178870663_n.jpg
621852079_1303463355133353_7666522984762181825_n.jpg
622366957_1303463358466686_8233802900163431952_n.jpg
Алдыга
Артка
621815899_1303463351800020_5357090020998890586_n.jpg
621799780_1303463361800019_3129689086178870663_n.jpg
621852079_1303463355133353_7666522984762181825_n.jpg
622366957_1303463358466686_8233802900163431952_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Александр Хвтисиашвили жүк ташуу жана логистика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү келечеги менен бөлүштү.

Ишкерлердин өкүлдөрү компаниялар Грузия аркылуу товарларды ташууда туш болгон бир катар практикалык маселелерди жана кыйынчылыктарды белгилешти. Атап айтканда, алар жеткирүү мөөнөттөрү, логистикалык маршруттарды оптималдаштыруу жана административдик жол-жоболор сыяктуу темаларды көтөрүштү.

Александр Хвтисиашвили көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмө берип, грузин тараптын ачык диалогго даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана бизнес коомчулуктарынын катышуусу менен биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.