Грузиянын премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келди — Кабар

Грузиянын премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат 11 июнь 2026 17:05
6a2a93b69132a.jpeg
6a2a93bb06341.jpeg
6a2a93baed6c4.jpeg
6a2a93b8d98fb.jpeg
6a2a93b8b81e2.jpeg
6a2a93b5f3a92.jpeg
6a2a93b475963.jpeg
Алдыга
Артка
6a2a93b69132a.jpeg
6a2a93bb06341.jpeg
6a2a93baed6c4.jpeg
6a2a93b8d98fb.jpeg
6a2a93b8b81e2.jpeg
6a2a93b5f3a92.jpeg
6a2a93b475963.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе расмий сапары менен Кыргызстанга келди. 

"Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы жайгаштырылган.

Белгилей кетсек, бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары.