Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат

Көчмөндөр оюндары-2026 21 Август 2026 09:30

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышуу үчүн Кыргызстанга келет.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, актриса кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, өлкөнүн маданияты жана каада-салты менен таанышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасын сезүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Бай Лин төмөнкү тасмалардагы ролдору менен дүйнөгө таанылган:

  • "Карга" (1994);
  • "Кызыл бурч" (1997);
  • "Анна жана король" (1999);
  • "Такси 3" (2003);
  • "Асман капитаны жана келечектеги дүйнө" (2004);
  • "Адреналин: Жогорку чыңалуу" (2009).

Актрисанын Кыргызстанга келиши Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык иш-чаралардын маанилүү окуяларынын бири болот.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Иш-чара көчмөн элдердин салттуу спортун, маданиятын, искусствосун жана улуттук каада-салттарын дүйнөлүк коомчулукка таанытууга багытталган.