Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү (Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки тилке) эскирген түтүктөр алмаштырылууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкедеги жылуулук түтүктөрү 1974-жылдан бери (50 жылдан ашык) колдонулуп келгендиктен, эскилиги жеткен.
Оңдоо иштерине байланыштуу бул тилкеде автоунаалардын кыймылы жарым-жартылай чектелет. Түтүктөр алмаштырылып бүткөндөн кийин жолго жаңы асфальт төшөлөт.
Бишкек мэриясы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.