Go Viral Festival: Борбор Азиянын жаштары бир аянтчага чогулду

Бишкектеги иш-чаралар 137 12 Август 2026 14:55
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 14.37.51.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Борбордук Азиядагы Америка университетинде 12-август Эл аралык жаштар күнүнө карата Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы жаштарынын катышуусунда Go Viral Festival өтүүдө.

Аталган иш-чаранын негизги максаты бизнес-коомчулуктун, IT жана креативдүү индустриялардын өкүлдөрүн, ошондой эле жаш адистерди аймакта бир аянтчага бириктирүү.

Фестивалда жасалма интеллект (AI) жана технологиялар, стартаптар, креативдүү экономика, жаштар лидерлиги жана Борбордук Азиядагы аймактык интеграция темалары талкууланууда.

Катышуучулар үчүн бир нече атайын зоналар жана интерактивдүү аянтчалар иштөөдө:

  • Innovation Expo: Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы, Креативдүү индустриялар паркы, inDrive, inVision U, Almaty Air Initiative өңдүү өнөктөштөрдүн инновациялык долбоорлору көрсөтүлүүдө.

  • Go Viral Corner: Борбордук Азиянын беш өлкөсүнөн (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Туркмөнстан, Өзбекстан) келген делегациялар жана IDEA CA өкүлдөрү тажрыйба кубаттуулугу менен бөлүшүүдө.

  • Creative Market & Food Zone: Жергиликтүү бренддердин жарманкеси (Bir Qyzyq Jer, Lucky Socks ж.б.) жана тамак-аш зонасы (Shoro, Koloko, Torro Burger, Nathan's, Moi Ponchik ж.б.) уюштурулган.

  • Game & Chill Zone: TEENS.kg командасынан мастер-класстар, оюндар жана эс алуу аймактары иш алып барууда.


Белгилей кетсек, фестивалдын расмий бөлүгүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген эксперттердин, ишкерлердин жана IT адистеринин катышуусунда панелдик дискуссиялар өтмөкчү.


Андан тышкары, фестивалдын экинчи бөлүгү маданий программа менен коштолоору маалымдалды. Окуу жайдын аймагында уюштурулган жаштардын фестивалына жалпысынан 2 миңге чукул өкүлдөр катышууда.

Фестиваль Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана эл аралык уюмдар менен биргеликте жаштар күнүнө карата уюштурулган.