Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Гүлчө шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири болгон Алымбек датка көчөсүндө реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Кыргызавтожол Түштүк мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдогу жумуштар ушул жылдын апрель айында башталган. Узундугу 3,7 чакырымды түзгөн жол төрт тилкеге чейин кеңейтилди. Учурда суу өткөрүүчү түтүктөрдү тартуу жана телефон зымдарын жылдыруу иштери аткарылууда.
Бүгүнкү күндө асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Подрядчы уюм 15-сентябрдан тарта асфальт төшөө иштерин баштай турганы айтылды.