Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Өлкөнүн ГЭСтеринде гидроагрегаттар алмаштырылып, кубаттуулук көбөйтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
“Таш-Көмүр ГЭСинде бир гидроагрегат, Камбар-Ата-2 ГЭСинде бир гидроагрегат капиталдык оңдоодон толук өткөрүлдү. Күрп-Сай жана Шамалды-Сай ГЭСтеринде дагы гидроагрегаттар быйыл оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Ал эми, Токтогул ГЭСиндеги жалпы 4 гидроагрегат учурда толук иштөөдө. Бул жерде кошумчалай кетсем, Токтогул ГЭСин реаблитациялоо иши аягына чыкты. Бардык гидроагрегаттар алмаштырылгандан кийин кубаттуулук 240 МВтка көбөйдү. Буга чейин 1200 МВт болсо, азыр 240 МВт кошулуп, жалпы 1440 МВт кубаттуулукка жетти”,-деди ал.
Ошондой эле минкаб төрагасынын орун басары белгилегендей, Үч-Коргон ГЭСинде дагы 4 гидроагрегат толук ишке киргизилген. Мындагы гидроагрегаттарды алмаштыруу иштери 2024-2025-жылдары жүргүзүлүп, 2 гидроагрегат жаңы алмаштырылып, анын натыйжасында жалпы кубаттуулук 18 МВтка жогорулаган. Ал эми, калган 2 гидроагрегат 2026-жылы жаңыланат.