Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Күн мурун Лондон шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын вице-президенти Маттео Патроне менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө инфраструктураны модернизациялоо, экономиканын туруктуулугун жогорулатуу жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маселелери каралды. Өзгөчө көңүл суудан камсыздоо системаларын калыбына келтирүү, транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселелерине бурулду.
Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын вице-президенти Маттео Патроне Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн позитивдүү динамикасын белгилеп, ЕРӨБ белгиленген долбоорлорду ишке ашырууда өнөктөштүктү чыңдоого жана катышууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкчылыгын тастыктап, Кыргызстан менен Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын ортосундагы долбоорлордун ийгиликтүү алга жыларына ишеним билдиришти.