Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Германиянын Мюнхен шаарынан Кыргызстанга келген мейман Стефан өлкөнүн кооздугу жана улуттук спорт оюндары ага өзгөчө таасир калтырганын айтты.
Ал учурда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүүчү катары катышып жатат.
Анын белгилешинче, Кыргызстанда башка өлкөлөрдө кездешпеген өзгөчө спорттук оюндарды көрүүгө болот.
“Кыргызстан мага абдан жакты. Жаратылышы абдан кооз экен. Башка өлкөлөрдө жок, такыр башкача спорт оюндарын көрүү абдан кызыктуу болууда. Бул жерде болгонума абдан кубанычтамын”, — деди Германиядан келген мейман.
Стефан ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасы ага жагымдуу таасир калтырганын белгиледи.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.