Гендердик теңчилик: эксперт Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди

Коом Загрузка... 21 Май 2026 17:45
WhatsApp_Image_2026_jScR8Nr.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. “Социалдык технологиялар” агенттигинин директору жана Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери альянсынын координатору Зульфия Көчөрбаева "Кабар" улуттук маалымат агенттигине Кыргызстандагы гендердик теңчиликтин көйгөйлөрү жана чакырыктары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал 30 жылга жакын убакыттан бери өлкөдөгү гендердик теңчилик маселелери менен алектенип келет. Бул убакыттын ичинде Кыргызстанда чындыгында эле чоң мыйзамдык база түзүлдү.

"Конституцияда аялдар менен эркектердин ортосундагы теңчиликтин кепилдиги бекитилген. Ошондой эле атайын мыйзамдар, маселен, гендердик теңчиликти камсыздоо жана аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө мыйзамдар күчүндө турат. Биз аялдардын укуктары боюнча БУУнун бардык негизги конвенцияларын ратификацияладык", — деди ал.

Мындан тышкары, Зульфия Көчөрбаева аткаруу бийлиги бир катар улуттук программаларды, анын ичинде 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн улуттук стратегиясын, аялдардын лидерлигин өнүктүрүү жана колдоо программасын, ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоо программасын ишке ашырып жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, бул жаатта өлкө боюнча системалуу иштер жүрүүдө.

“Гендердик квота сакталып жатканынын натыйжасында, парламенттеги депутаттардын 30%га жакынын аял эл өкүлдөрү түзөт. Шаардык жана жергиликтүү кеңештерде да аялдардын үлүшү 30%дан ашат”, — деп белгиледи Көчөрбаева.