Газга кошулуу жеңилдеди: Насыянын үстөгү 3 пайызга түштү

Коом Загрузка... 19 Февраль 2026 11:02
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.54 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Газга кошулуу жана жабдуу сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыянын үстөгү 8 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүлүп, 150 миң сомго чейин каржылоо каралды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу жүргүзүлүүдө.

2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан 18 млн 82 миң сом өлчөмүндө насыя берилди.

Өлкөнүн калктуу конуштарын газдаштыруу багытында "Газпром Кыргызстан" компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында газ тармагын өнүктүрүүгө 33 млрд сом инвестиция салынды. Натыйжада, 2014-жылга салыштырмалуу 2025-жылы газдаштыруунун деңгээли 22 пайыздан 44 пайызга чейин өстү. Абоненттердин саны 444 миңге жетти.

Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 54 калктуу конуш газдаштырылып, 51 миңден ашык абонент газга кошулду. Анын ичинен 36 миң үйдүн отканалары газ менен жылытууга өткөрүлдү. Конуштарды газдаштыруунун натыйжасында көмүрдүн орточо керектөөсү жылына 100 миң тоннадан ашуун кыскарды.

Жалпысынан 2025-жылы Бишкек шаары боюнча 5 миңге жакын үй газ менен жылытууну колдоно баштады.