Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Саясат Загрузка... 15 Март 2026 12:15
WhatsApp Image 2026-03-14 at 14.21.39 (2).jpeg

Бишкек, 15.03.26 /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Гананын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква 15–17-март күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

ТИМден билдиришкендей, расмий сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда.

Алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Гана Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланат.