Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Бүгүн "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйүнүн эмгек жамаатына жаңы жетекчи Галина Байтерек расмий түрдө тааныштырылды.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, жаңы жетекчини жамаатка президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тааныштырды.
Тааныштыруу учурунда мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, тармакты модернизациялоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана бирдиктүү редакциялык саясатты жүргүзүү боюнча алдыда турган негизги милдеттер белгиленди.
Өз сөзүндө Галина Байтерек жамаат менен жылуу учурашып, медиа тармагындагы топтогон тажрыйбасын мамлекеттик басма сөз каражаттарын өнүктүрүүгө жумшай турганын белгиледи. Ошондой эле жалпы жамаатты биргелешип, заман талабына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү жана сапаттуу маалыматтык продуктыларды даярдоого чакырды.

Галина Жумабековна Байтерек — медиа тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар адис. Ал 1971-жылы Панфилов районунун Ровное айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин орус филологиясы адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1994-жылы "Баластан" балдар студиясында баштап, режиссёр, редактор жана алып баруучу болуп иштеген. Кийин КТР, ЭлТР жана КТРК телерадиокомпанияларында баяндамачы, саясий серепчи, түз эфир алып баруучу катары эмгектенип, бир катар аналитикалык жана коомдук-саясий берүүлөрдүн автору жана алып баруучусу болгон.
2020-жылдын октябрь айында президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалып, 2021-жылдын май айынан тартып президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүн жетектеп келген.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон чечимдин негизинде "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Жаңы түзүм "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" басма үйлөрүн, ошондой эле "Байчечекей" жана "Ала-Тоо" журналдарынын редакцияларын бириктирүү жолу менен калыптанган.