Футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилет

Президент Загрузка... 20 Февраль 2026 17:00
496003371_1227240579410574_1666209213403591543_n.jpg

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-2034-жылдарга Футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул документ калкты футболду үзгүлтүксүз ойноого массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүп, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, жаштарда сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу максатын көздөйт.

Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын бюджети бекитилет. Планды жүзөгө ашырууга мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз футбол биримдиги тартылат.

Аталган жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.