Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Аргентина менен Египеттин курама командалары беттешип, аргентиналыктар 3:2 эсебинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу Казинформ билдирет.
Оюн АКШнын Атланта шаарында өттү. Биринчи болуп 15-мүнөттө Египеттин коргоочусу Яссер Ибрагим гол киргизди. Биринчи таймда Аргентина пенальти тээп, бирок Лионель Мессинин соккусун дарбазачы Мустафа Шубир кайтарып калды.
Экинчи таймдын 67-мүнөтүндө Мустафа Зизо Египеттин экинчи голун киргизип, эсепти 2:0 кылды. Анын буга чейинки дагы бир голу эреже бузулгандыктан эсепке алынган жок.
Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Аргентина күчтүү оюн көрсөтүп, эсепти теңеп, жеңишти камсыздай алды. Алгач 79-мүнөттө Кристиан Ромеро гол киргизсе, 84-мүнөттө Лионель Месси эсепти 2:2ге жеткирди. Ал эми калыс кошкон убакыттын экинчи мүнөтүндө Энцо Фернандес жеңиш голун киргизип, Аргентинага 3:2 эсебиндеги жеңишти алып келди.
Бул жеңиштен кийин Аргентина дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Эми алар Швейцария менен Колумбиянын беттешинде жеңген команда менен ойнойт.
Буга чейин Испания Португалияны 1:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алган.