Франциялык компания Манас шаарында асма жол курууну сунуштады

Аймак 15 Июнь 2026 11:10
1.jpg
2.jpg
721736900_122131611141138108_2733923500117051086_n.jpg
721819724_122131611243138108_6876852757229867786_n.jpg
722605708_122131611081138108_1997965313309935813_n.jpg
722810997_122131611357138108_2442186013683761031_n.jpg
722860059_122131611489138108_4025305870751672593_n.jpg
723085254_122131611183138108_5962899547356830386_n.jpg
723999841_122131611771138108_1837292113941667900_n.jpg
724061435_122131611873138108_6699272626103807014_n.jpg
724139694_122131611969138108_8314461790662967959_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Франциялык компания Манас шаарында асма жол курууну сунуштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Шаар мэри Абдупата Маткаликов франциялык компаниянын Борбор Азия жана Батыш Балкан аймагындагы коммерциялык директору Орхан Ширин баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Манас шаарында туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Франциялык компания шаар аймагында асма жол куруу демилгесин расмий түрдө сунуштады.

Эгер бул долбоор ишке ашса, ал шаардагы туристтик агымды көбөйтүүгө, эс алуу инфраструктурасын жакшыртууга жана коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүгө жана жергиликтүү экономиканы колдоого түрткү берери белгиленди.

Тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантуу жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча макулдашышты.