Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. 12 жаштагы кыргызстандык кыз Нестан Франциянын Сомьерде шаарчасынын жаштар муниципалдык кеңешине депутат болуп шайланды. Бул тууралуу анын атасы Самат Кушбек социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Нестанга шаардын мэри күбөлүк менен Франциянын желеги түшүрүлгөн шарфты тапшырды.
"Нестан шайлоодон жеңишке жеткенде ар бир кыргызстандыктын калоо-тилектерин кызыма көрсөткөм. Кызым сен кыргыздын кызысың, сен ушул жаштан топтоп баштаган тажрыйбаң Кыргызстанды дүйнөнүн сап башында турган өлкөлөрдүн катарына кошконго салым жасай алат, сенин колуңдан келет деп жубайым Айнура экөөбүз дем күч бердик", - деп жазды ал.
Кийин Самат Кушбек жергиликтүү ЖМКлардын бирине бул кандай кызмат экенин түшүндүрүп берген.
"Францияда муниципалдык жаштар кеңеши бул муниципалдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор менен түзүлгөн балдар же жаштар үчүн жергиликтүү орган. Ал кеңеш берүүчү ролду ойнойт. Францияда жаштардын муниципалдык кеңеши 1979-жылдан башталган. Биз жашаган шаарда 5 мектеп бар. Ошол беш мектептин ичинен жалпы 17и окуучу шайлоодон жеңишке жетти. Эми бул жеткинчек депутаттар ай сайын кадимкидей шаардын мэри менен жыйын өткөрөт. Алардын миссиясы - жаштарды чыныгы саясий жашоо менен тааныштыруу жана бардык жаштардан өз муниципалитетиндеги жашоону жакшыртуу үчүн демилгелерин чогултуу. Анын кошумча багыты - бул демилгелерди бардыгына пайда алып келген долбоорлорго айландырып, жогорку муниципалдык кеңешке сунуштоо. Мисалы, Нестан шайлоо алдында шаарды өнүктүрүү боюнча беш долбоор түзгөн. Эми депутат болгон соң, ошол сунуштарын ишке ашырат.
Эми Кыргызстанга салыштырып түшүндүрүп берсем. Мисалы, Бишкек, Ош шаары же ошондой эле шаарларда, айыл өкмөттөрдө жергиликтүү кеңеш бар. Ошолордун жаштары десем болот. Шаардык жана айылдык депутаттарга ушул мектеп окуучуларынан депутат болгондор, чоңдорго идея жана долбоорлорун беришет. Анан алар талкуулап, мыкты долбоорду өткөрүп, кабыл алып, шаарды же айылдарды өнүктүрөт. Кээде чоңдор байкабаганды балдар билишет. Мисалы, балдар аянтчасы, спорттук, музыкалык ийримдер жетишсиз же дагы кантип жакшыртуу керек экени боюнча сунуштарды берип турушат", - деди ал.